Бой жетсе бизге күйсүн деп,
Боорукер болуп жүрсүн деп.
Колдоочуң кудай болсун деп,
Койгонбуз атың Улукман деп.
Туу туткан элге медер болсун,
Турмушта сезгич терең болсун.
Туура сөз сүйлөп иш кылган,
Тууганга, жатка кенен болсун.
Ата-энең болсун тирегиң,
Ак болсун элге жүрөгүң.
Илимден иштеп билинип,
Ишке ашсын дайым тилегиң.
Бой жетип тоодой бийик болсун,
Элине тирек үмүт болсун.
Жаркытып элдин маанайын,
Жакшылап баккан уулдан болсун-деп мен бул жарык дүйнөгө келгенде чыккан ыр эле.
Ушул күнү апам, мени жарык дүйнөгө алып келүүгө себепчи болгон. Жаратканыма чексиз шүгүрлөр болсун. Апам себепкер болуп мени жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялап, чоңойтуп, эрезеге жеткирип, ыйласам сооротуп,