Кээ бирөөлөр
Кээ бири калп эле макташат,
Болот да,турмушта деп, акташат.
Кыя басып, көзүңдү көрбөй калса,
Оо, шордуу көрмөк да деп айтышат.
Кээ бирөөлөр, көрөргө көздөрү жок,
Какшыктап сүйлөсө сөздөрү ок.
Калп эле тишин агын көргөзүшүп,
Көңүлүмдү көтөрүмүш болот бирок.
Кээ бирөөлөр, чын дилинен сүйүшүп,
Каалоолорун аянбастан айтышат.
Кайратыңа, кайрат кошуп сөз менен,
Калпып алып сөз берметтин ачышат.
Кээ бирде, болгум келет жөнөкөй,
Каалабагам күчтүүлүктү өзгөдөй.
Кар сымал өтөт жакшы жаман дагы
Күйгөн шамдай бир жалп этип өчкөндөй.
Туратова Гүлбарчын.
МЕН ДА СЕНИ ЖАКТЫРАМЫН.
Жолуксаң не, тээ мезгилде башка убак,
Сендик болбой айла жоктон ыр курап.
Кайгы муңду карегиме түнөтпө,
Баратамын бир топ эле жашты улап.
Ак көңүлсүң жүрөгүңдө кириң жок,
Мен да сени жактырамын себеби көп.
Ээнсиреген махабаттын майданында,
Түшкүм келет, сүйгүм келет ченеми жок.
Мен өзүңө макулдугум берсем да,
Бирок аттиң, тагдыр бизди кошпойт да.
Сендей жакшы бул жашоодо барлыгы,
Бир мен эмес, бүтүн элге сыймык да.
Туратова Г.
ӨЗГӨЧӨМ.
Менин ырым түгөнбөс эч сени менен,
Көздөрүңдөн сүйүүнү окуп келем.
Өзүң барда ыр дүйнөм толуп турат,
Бул жашоом сени менен, сени менен.
Керемет бир, сырлар бар көздөрүңдө,
Ырга айланып өтсөм экен түнөгүңдө.
Жол баскан издериңден кагылайын,
Эргүү берип, элжиреткен сөздөрүңдөн.
Кеткис кылып өзүңө байлагансың,
Издеп келем жолугуунун бир айласын.
Тузака, түшүп калган туткундаймын,
Эс - учун жоготкондой сага масмын.
Туратова Гүлбарчын.
Кээ бир ичи тар адамдар, эч нерсе таппай калганда, суротунду издеп, алдына сасытып кетишет экен ээ?
Беш кундук жашоодо озунду да, озгонунда маанайын бузуп эмне кыласын? Жакпаса тескери карап отуп кет.