АЯЛ - АЯЛДЫГЫ МЕНЕН ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛОТ. – Кадимки кечтердин бири эле. “Чың” дей түшүп, телефонума билдирүү келди. Тамак жасап жаткам, колум суу болуп көңүл бура албай калдым. Дагы бир билдирүү келди. Шаша-буша телефонду колума алып, андагы сүрөттү көрүп бирөө мени башка чаап жибергендей туруп калдым. Сүрөттө менин күйөөм менен жапжаш кыз өбүшүп турат! Экинчиси куду порно сайттарга жарай тургандай кумарлуу сүрөт! Аптапта кыш чилдеси уруп кеткендей чыйрыктым. Тамагыма туруп калган эмне экенин билбейм. Аба жетпей аптыгып кеттим. Кайра-кайра карайм, монтажбы деп коём. Жок, андай эмес экен. Кызык, күйөөсү көзүнө чөп салганда аны билип калган аялдар тууралуу сценаны кинолордон көп көрчүмүн. Мени