БАЛАНЫН ИЧИ ЭМНЕГЕ КОБОТ?
Жаңы төрөлгөн баланын ичинин көбүшү үй-бүлө үчүн чыныгы көйгөй жаратышы мүмкүн. Баланын тынчсызданып ыйлашы, ата-эненин уйкусу канбай, стресс болушу көйгөй эмес, эмне? Медицинанын тили менен айтканда, метеоризм, жөнөкөй тил менен айтканда, ичтин көбүшү же ичегилерге жел туруунун себептери эмне, ага кабылган балага кантип жардам берүү керек, же болбосо ичтин көбүшүнө жеткирбөө үчүн эмне кылуу керек?
Ич көбүүнүн белгилери
Ич көпкөндө бала жакшынакай жатып эле капысынан катуу ыйлап жиберет. Эмизгенден бир нече мүнөт өтүп эле көкүрөгү жакка бүккөнгө аракет кылат. Мындай абал көбүнчө кечке маал болуп, күн сайын бир убакта кайталанышы мүмкүн. Ичи дөмпөйүп кө