й болсо, «жол ачаар», «жолго салаар» бул нерсе – «устаттык». Ал эми «шакирт» – ошол устаты ачып, салып берген «жолго түшүп», өз ордун тапкан экинчи тарап. Мына ошол «жолго салуу» иш-аракети адамзатка да таандык көрүнүш.
Дүйнөдө кайсы гана өнөр ээлерин албайлы, бардыгында тең «устат» жана «шакирт» деген түшүнүктөр болуп келген. Адатта, жаш өзгөчөлүгү боюнча улуусу устат, кичүүсү шакирт болот. Бирок, дүйнөдө устатынан шакирти улуу болуп чыккан мисалдар да жок эмес. Бул экөө тең бир өнөрдү аркалагандыктан жана руханий дүйнөлөрүнүн бири-бири менен төп келишкендигинен улам, ортодо тыгыз байланыш түзүлөт. Белгилүү бир баскычта өзгөчө мамиле жаралат.
Бүгүнкү устат – кечээги шакирт. Устаттын устат