***
Келе жаным, колуңду колума кой,
Акыретте акыркы сүйгөнүм бол.
Башка менен бейиште гүлдөгүчө,
Сени менен тозокто жүргөнүм оң.
Көзүң өткүр, каруулуу колуң өткүр,
Пешенеңден жыттайын, келе өптүр.
Эртең башка жан менен жатар болсом,
Анда мени кудайым, бүгүн өлтүр.
Ким бактылуу болбосун сени менен,
Эч ким чыдап жашабайт мени менен.
Басып кетпей кастарлап келатасың,
Билинбеген сыйкырлуу демиң менен.
Ар бир ырым сен үчүн, сен деп билгин,
Менин баркым чачылаар, сенден кийин.
Көчө сөзгө ишенбей көчөдөгү,
Мага келип, чындыкты менден билгин.
Бергендеги антыма тура албаймын,
Болгонум бу - күчүм бар ыр арнаймын.
Боздобогун алтыным, кейип, ыйлап,
Мен эч кимди бактылуу кыла албаймын.
БУ КАРА.