Келин
(ангеме)
-Келин келем деди эле бүгүн деп чоң апам өзүнчө кобуранып эшикке чыкты.
Жаны келин болуп келген жеңем мени карап алып же сурай албай ичинен "кайсы келинди" айтып жатат болду экен энем дегенсип суроолуу мени тиктеп тим болду.Чоң апам бир топко эшикте кимдир бирөөнү күтүп жүрдү.Биз дагы үй тиричилик менен алагды болуп жатып жеңем экөөбүз убакыттын өткөнүн билбей калыптырбыз Бир мезгилде кобураган үндөрдүн кирип келе жаткан чоң апамды жана абысыны Бурмаш апамды көрдүк.
-Ой келин,сен келем дегенинден үйгө олтуралбай жолунду тиктеп эшикте жүрдүм -деди чоң апам.
-Эрте эле турганмын тиги сага берем деген буюмду издеп араң таап келдим, мына келин, деп Бурмаш чоң апам менин ч
Бактектер .
(ангеме)
Бул биздин короодо көзүн ачкан бактек балапандар.Биздин короонун бастырмасына эне бактектин үй салганына көп жылдар болуп калды .Жыл сайын эрте жазда келишип эки жуп бактектер эски уясынын бузушуп жаңы уя сала башташат.Уя даяр болгондон көп өтпөй эле эне бактек жумуртка тууп баса баштайт. Жыл бою үч жолу балапан чыгарышат.Жазда эки балапан,анан жайында эки балапан жакында эми күзүндө эки балапан чыгарып бүтүштү.Бул балапандарга он күндөй болуп калды.
Адилет менен Азамат бактектердин учуп конуп жатканын көрүп чуркап келишти.
-Апа, биздин бактектер дагы балапан чыгарыштыбы?-дешти экөө тең жарыша сүйүнүп.
-Ооба,кулунум,бактериң ,быйыл жакшы эле балапандарын чыгарып жа
Тунук сүйүү
(ангеме)
Айперинин шаардан келгенине бир жума болду.Шаардын ысык абасынан,ызы-чуусунан кийин,бул жер жөн эле бейиш. Тынч,таза, көчөдө кыжылдап жүргөн машине жок.Баарынан дагы айылдын салкын абасын айтчы.Айдыңдын сыдырым соккон мээлүүн жели бети башынды аймалап эркелеткендей болот.Кере-кере дем алсаң жаның сергий түшөт.Айпери туулган жеринин ыйыктыгын ушул келгенинде түшүнгөнсүп калды.Ордунан туруп терезени көздөй басты.
Бөлмөдө ары-бери басып кайра дагы терезеге келип токтоп алды.Кыздын көкүрөгүндө жакшы көргөн адамы Эдили чыкпай турду."бүгүн эртен келем деди эле,эмне болду экен,телефон чалбай жатат го"-деди ичинен.Ушулкүздө ата-энелеринен руксат алып үйлөнүшмөк Ошон үчүн дем а
Ошол күн
62-бөлүм.
Атасынын оорусу күндөн күнгө күч алып баратканына үйдүн эң кенжеси,ата конуштун келечек ээси Абжалбек негедир ойлонуп санааркап жүрөт.”Атам кой багып жүрүп ооруган жерлерин деле унутуп калган окшобойбу,иштеп жүргөнүндө бир дагы жолу бир жеринин ооруганын айткан дагы,биз болсо уккан дагы эмесбиз деп ойлоду Абжалбек ичинен.
Колхоздун коюн өткөрүп берип, эс алганга чыкканында эле башталды балээнин баарысы, үч -төр жылдын чамасы болуп калды иштебей калганына.
Акыркы кезде эки бутунан жакшы баса албаган Момушту, балдары алып барбаган жерлери калган жок.
Аягы Фрунзеге, борбордогу чоң ооруканага жаткырып көрсөтүп,айыктырып жибергендей болгон тун уулу Алымбек.
Жакшы болгонсу
Зире
(повесть)
2-бөлүм.
Ошентип райондун борборундагы ооруканага келип,»Кулак тамак,мурун «боюнча ооруулардын бөлүмүндө бир ай жатып калдым.Догдурлар жакшы эле дарылашты.Азырынча эч жылыш болбоду.Ооруканадан чыккандан кийин кайра тоого барып үй-бүлөмдү көчүрүп келиш үчүн жөнөп калдым.Уулум менен энеси бир топ эле чөп жыйнап коюшуптур.Кызым палатканын жанында кир жайып жатыптыр, менин келе жатканынымды көрө калып кубанып алдымдан чуркап чыкты.
-Ава,жакшы болуп калдынызбы?-деп көзүнө жашы тегеренип мени кучактап калды. Мен дагы кызыма жүрөгүм ысып,балдарымды сагына түшкөнүмдөн ыйлагым келип өзүмдү араң токтоттум.Аңгыча
чөп жыйнап жүргөн аялым менен уулум да көрүп чуркап келишти.Кучакташы