Кадыр -кымбат
Чөгүп кетчү маанайың да көңүлүң,
Жүзүң тосуп, уруп жааган жамгырга.
Ушул жашоо сабак берет кечигип,..
Гүлдү үзүп, шамалга учкан жандарга.
Көпкө күттүң; жакшы кабар же катпы...
Эмне болот, бузса эгер -деп антты?
Кадыр-кымбат экендигин билеби,
Кадырыңа жетпегендер эх, айтчы..?
Куса эзип, ыза мыкчып жүрөгүң,
Таш каптыбы аткарылбай тилегиң.
Аккан суунун шары дары болор- деп,
Уктурсам да жер карайсың, билемин.
Билем-билем бул тагдырга көнөсүң,
Коломтоңо көңүлүңдү бөлөсүң.
Биз укпайбыз, сен көрбөйсүң көп алдап- кеткендердин күнгө тийген төбөсүн.
Ашира Кулишева