Бул ыр бир эженин суранычы боюнча жазылды!
~~ПЕРЗЕНТ БЕРЧИ ТАТЫНА~~
Магдырагым келди менин чынында,
Ымыркайдын эн бир сонун жытына.
Жаратканым тилегимди кабылдап,
Бере корчу перзент мага татына.
Жытын жыттап,кыскым келди боорума,
Бергим келди,ак сутумду тойгуза.
Наристенин жытын мага жыттатпай,
Жаратканым жазган беле багыма.
Наристелуу кыла корчу кудайым,
Колду жайып,бир озундон сурайын.
Балдарымдын чайын ичип бир чогун,
Коргум келет,мен алардын убайын.
Сыздап кетет,кээде туруп журогум,
Балам болсо,болот эле жологум.
Жаратканым келди менин чынында,
Наристени ак бешикке бологум.
Перзент жазчы чындап менин багыма,
Зар болдумго,наристенин ыйына.
Бул дуйнодо мандайы