Балалык жана досторума
Күндө бир маал эске алып досторду.
Эскеремин жаш мезгилде болгонду.
Күгүм түшсө чарчасак да карабастан.
Түн жамыным кезээр элек жолдорду.
Айылдын этегинен башын көздөй.
Арсылдап үрсө иттер көңүл бөлбөй.
Аскийеден айтып коюп кыт-кыт күлүп.
Айлуу түндө жүрөр элек шүдүңгүттөй.
Эмне болсо бардыгынан кабардар.
Тойбу башка же кой кыркса чабандар.
Баарын угуп баарын билип турчубуз.
Топудай томурайган тентек балдар.
Түн ортолоп келер элем үйгө кайтып.
Кыйратып иш кылгандай курсак ачып.
Шимшилеп жээрге нан таба албай.
Караңгыда казан аяк калдыратып.
Ошондо да апам жатчуу уктабастан.
Келет деп тентек уулум эми качан.
Казан аяк калдырата баштаганда.
Акырын "келдиңби" -деп ү