ДЕПУТАТ ЖҮРӨТ ДУБАЙДА!
Шайласаң кыйратымын деп,
Ант берип сүйлөйт Кудайга!
Шайланып,мандат алган соң,
Эсалып кетет Дубайга!
Убадалар ишке ашпай,
Эл түшөт кайгы-убайга!
Депутат сөрөй баягы,
Эсалып жүрөт Дубайда!
Мыйзам жазып тыйышат,
Үйлөнсөң үч төрт Жубайга!
Өздөрү алып Ойношун,
Эсалып жүрөт Дубайда!
Арызың менен кайрылсаң,
Жообу келбейт бул айда!
Арызың алат секретарь,
Депутат жүрөт Дубайда!
Айт намаз келген учурда,
Жалынып койот Кудайга!
Акчасын тоноп элинин,
Бизнесин ачат Дубайга!
Кол койуп,баары кагазга,
Өз жерин сатты Кытайга!
Акчасын алып Депутат,
Там салып койду Дубайга!
Бажыга кирип алган соң,
Кымбаттап кетти Муңай да!
Муңайдын Баасы арзан жер,
Депутат жүрөт Дубайда!
Жерлер