*СУРОО-ЖООП.*
_Шейх Чубак ажы Жалилов (Аллах рахматына алсын)_
СУРОО:Мен 51 жаштамын ажыга же умрага барсам болобу жалгыз?
ЖООП:Махрам менен барыш керек.Себеби ажылыктын шарты ушундай.Ажыга баруу-парз.Бирок парз, арам нерсе менен болбойт да.
СУРОО:Мен куптан намазын окуп,зикир кылбай эле битир намазын окуп дуба кылам туура элеби?
ЖООП:Туптуура.
СУРОО:Күйөөсү уруксаат берсе аялы кашын терсе болобу?
ЖООП:Болбойт! Күйөөнүн буйругу менен,арамды адал кылганга болбойт.
СУРОО:Кыз бала акча таап,тапкан акчасына ата-энесин ажыга жонотсо болобу?
ЖООП:Болот. Кыз өзү билет өзүнүн акчасын каяка жумшаганын.Эмнеге болбосун?!
СУРОО:Кыз баланын чет өлкөгө махрамсыз чыгуусунун жолдору барбы?
ЖООП:Беймахрам жиберүүгө болбойт.
СУРОО:Ясин деп балабызга ат койсок болобу?
ЖООП:Ясин деп Курандагы сүрөөнүн аты.Койсо дурус болот.
СУРОО:Жигитим молдо. Кичине нике кыйдырып алалы. Бири-бирибизге адал болобуз дейт.
ЖООП:Ал молдо дем салдырып алсын."Чала молдо-дин бузаар"-, деген ушулда.
СУРОО:Бешим намазы киргенде эле 4 рекет сүннөттү окуй бериш керекпи же азанды күтүшүм керекпи?
ЖООП:Жок,убактысы киргенде эле окуй бересиз.
СУРОО:Нафсим азгырылып шайтанга жеңилип калдым,эми Аллахтан уялып жатам.Кылбайт деп кайра кылып алдым. Үмүтсүздүккө кабылдым.Жардам бериңиз.
ЖООП:Үмүтсүз болбоңуз.Кудайым тооба кылып, күнөө кылып,эми тообо кылсам кабыл болбойт деп кылбай койгондорду жаман көрөт."Үмүтсүз-шайтан"
СУРОО:Акчабыз карызда болсо,зекет берүү кандай болот?
ЖООП:Зекет берген жакшы болот негизи.Бирок акча тартыш болуп,акчаңы ала албасаң колуңа тийген жылдыкын бересиң.
СУРОО:Менин атым Замирбек.Менин атым мусулманчылыкка туура келеби?
ЖООП:Ооба.Туура келет.Арабча "Зоомир" деген "ар-намыс" маанисин берет.
СУРОО:Жума күнү аялы менен кошулса болобу?
ЖООП:Жуманын 6,7 күнүнун баарында кошулса боло берет.
*umma kgz.*
❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️
☪️ *ИСЛАМ НУРУ* *ДААВАТ* ☪️
*_Группага катталуу үчүн_*⬇
*What's app*⤵️
🚹 *Мырзалар үчүн*
+996755-86-68-96.
🚺 *Айымдар үчүн*
+996755-86-68-96.
*Инстаграмм* ⤵️ https://www.instagram.com/islamnuru_daavat/ . *facebook* ⤵️ https://www.facebook.com/profile.php?id=1000234165 *Телеграмм* ⤵️ https://t.me/islamnurdaavat .
☝🏻 *ЭСКЕРТҮҮ*❗❗❗
*Макаланы башка группага жүктөгүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз*🌷🍃🌷

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев