Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Канымжандын жүрөгү чыдабай жетип барып Ангелинаны колдон алып сыртка жетеледи. Кичинекей кыз да моюн толгобой улам кылчактап ата-энесин карап коюп баратты. Эшикке чыгып терең дем алып, моюн орогучун бошотту. Өзүнөн өзү деми кысылып, башы дүңгүрөп чыкты. Жалдырай тиктеген бейкүнөө наристеге тике карай албай көзүн алып качты.
- Кечир мени, кандай болгон күндө да сен Имаштын кызысың,- эңкейип кызды бооруна тартып, чачынан сылады.
Имаш ДНК тесттин жыйынтыгы жазылган кагазды аялынын көзүнө такады.
- Читай! Читай говорю!
Өңү бир кызарып, бир бозоргон Наташа жерге тизелеп отура калып күйөөсүнүн бутун кучактады.
- Прости, Имаш, прости меня.
Ачуусу бетин