Суроо: Сүттү кантип көбөйтүү керек? Кызым 3 айлык, же кошумча смесь берсемби?
Жооп: Сүттү кѳбѳйтүш үчүн баланы бат бат эмизип туруу зарыл, жана ар бир эмизгенден кийин эмчекти сүт калбай калганча саап туруу керек. Балага кошумча сүт берүү боюнча суроону балдар догдуру гана чечет.
Суроо: Уулум 3 жашта, бат-баттан жөтөлүп калат, анан дагы чуркаса эле жөтөлөт, катуу жөтөлүп кетсе окшуп баарын кусуп салат, көп дары ичтик, бирок жардам берген жок. Же маселе башкадабы?
Жооп: Мындай кѳрүнүштүн бир себеби колконун иштешинин бузулушу мүмкүн, ошондуктан аллерголог догдуруна кайрылып кѳрүшүңүз керек.
Суроо: Бешикке жаткыруу зыянбы же пайдалуубу?
Жооп: Жаңы заманбап ойлор боюнча бешикке жаткыруу б
Суроо: Балам 5 айдан өттү, салмагы 10кг. Ашыкча салмактын зыяны жокпу? Анан эмне үчүн ичи катат, эне сүтү менен гана тамактанат.
Жооп: Балаңызда ичеги карындын иштѳѳсү бузулган жана салмагы нормадан кѳп. Бул суроо боюнча балдар гастроэнтерологуна кайрылыңыз.
Суроо: Менин балам 1,5 жашта, көп эле нервный боло берет.Башын уруп ыйлайт. Невропатологго көрсөтсөк “Невисактив жана Мелглис” жазып берген, ичти, бирок жыйынтык жок.
Жооп: Невропатологго кайрылыңыз. Кайрадан текшерүүдѳн ѳткѳнуңѳр оң.
Суроо: Ноофенди эмне үчүн берет? 3,5 айлык балага канча дозада бериш керек?
Жооп: Мээнин иштѳѳсүн жакшыртат. 1 мг/кг 100 1/4*1 жолу ичирет. 1 ай.
Суроо: Менин кызым 1,4 жашта, тизе, жамбаш сөөк
Суроо: Кызым 2 ай 18 күн болду, 1 айдан өткөндөн кийин кал жашыл түстө, андан кийин сары түстө, былжырлуу болуп баштады. Мени ойлондурган нерсе – былжырлуу нерсе болуп атат. Болбосо денесинин табы көтөрүлгөн жок, ыйлаак эмес.
Жооп: Мындай кѳрүнүш ичеги карындын дисбиоз оорусу болушу мүмкүн. Сѳзсүз түрдѳ балдар догдуруна жана кажети болсо, балдар гастроэнтерологуна консультацияга кайрылыш керек.
Суроо: Кызыма 1,3 жашта, такыр тамак жебейт, боюмда болгонуна байланыштуу эмчектен 7 айында чыккан. Эмчектен чыкканга чейин баардык нерсени жей берчү, андан кийин эч нерсе жебей калды. Ар бир 1,5 саатта уйдун сүтүн ичет. Ачка кылып да тамак берип көрдүм болбоду. Кантип тамак, нан, жемиштерге көндүр
Топ баланын физикалык жана психикалык жактан өнүгүүсүндө мааниге ээ болгон оюнчук. Ошондуктан бала 3-4 айлык болгондо эле ага ичинде шылдырагы бар ачык түстөгү топ сатып берүү керек. Анткени ал баланын кыймылдап жаткан нерсени байкоосун жана үндүн кайсы жерден чыгып жатканын билүүсүн өнүктүрөт. 5 айдан баштап бала ары-бери оодарыла баштаганда, жөрмөлөгөндө жана басканда ал анча чоӊ эмес топ менен ынтызарланып ойнойт. 7 айлык бала топту түрткөндө ал ары тоголонуп кетсе таң калып, кызыгып карайт. Бир жашка толгондо бала топту өзү көтөрүп, тоголотуп, ыргытканды билет.
Бирок топ менен ойноодо сак болуу керек, бир жашка чыккан бала топтун үстүнө чыккысы келет же отургусу келет, бул учур
Суроо: Азыр 3 ай болуп калдык, 4,276 кг болуп төрөлгөн, азыр 7,1 кг. “Чоңго” кызым бир жумада бир барат, эмчектин сүтүн гана берем жана 2 маал кайнак суу берем, эмне себептен болушу мүмкүн? .
Жооп: Биринчиден тубаса гипотириоз (ашыкча тердөө) оорусун текшериш керек. Экинчиден эгер бала жакшы салмак кошсо, психикалык жана кыймыл аракетинин ѳнүүгүсү жактан артта калбаса, мындай учурда ичегинин бузулушу мүмкүн. Мындай кѳрүнүш жаш балдарда кѳп кездешет. Бирок оорунун алдын алыш үчүн хирургга же гастроэнтерологго кайрылыңыз. .
Суроо: Менин кызыма 3 ай толду. Тиши эрте чыгып жатат, эмгеги кичине, оозу кээде титиреп кетет. Эмне себептен?
.
Жооп: Эрте тиш чыгуунун эч кандай коркунучу жок, кээ би
Суроо: Балам 9 айлык грипп болуп ооругандан кийин мурду агып токтобой кан аралаш чыгап жатат, коркунуч жокпу?
Жооп: Биринчиден тамак, мурун, кулак догдуруна кайрылууңуз керек, анткени диагностикасыз дарылоо туура эмес. Мурун кѳңдѳйүнѳ риноскопия жана рентгенография жасалыш керек. Себеби ринит, риносинусит, гайморит деген сезгенүү орулары дайыма мурдунан суу агып турган симптомдордун белгиси болушу мүмкүн. Ошондон кийин гана тамак, мурун, кулак догдурунун дарылоосу берилет.
Суроо: 10 айлык баланын гемоглобинин кантип көтөрсө болот. Иммунитетин чыңдоо чыңдоо үчүн БАД ичирсе болобу?
Жооп: БАД'ды балдарга бергенге болбойт, иммунитетти кѳтѳргѳнгѳ жардам бербейт. Гемоглобинди кѳтѳрүш үчүн ту