Бүгүн таштанды ташыган машина саат 11 де келди. Айдоочу өзү жалгыз, жардамчылары жок экен.
Өткөндө айлыгы аз үчүн кетип жатышат - деп уккам.
Өткөн жумада, 31- июлда келген жигит айлыгы болгону 15(он беш) миң экенин, квартирада тураарын, алган айлыгы тамак - ашына өп - чөп жетерин айтып муңканды эле.
"Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат" - болуп эптеген күн көрүп келебиз эжеке. Бизди ойлогон деле чоңдор жок. Күнү - түнү баш көтөрбөй иштесек деле айлыгыбыз көтөрүлбөй койду. Н. Тулеев убагында айлыкты 25-30 миңге чейин көтөргөн, ойлосоңуз ошол убакта. Азыр баары кымбат, квартираны да ( съёмный) кымбатка беришет, тамак - аш андан кымбат, а айлыгыбыз 15 миң - деп. Башка жумуш изд