Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Жайдын таңы. Күн ысып кетелекте дүкөндүн алдына суу чачып тазалап алайын деп шыпырып жаткам. Төмөн жактан бир аял шаша басып келе жаткан, жакын келгенде ичкен аялдай көрүндү. Үстөлгө отура кетти да чыдабай жүз грамм берчи өлгөн атам деп жиберди. Бир чети жолтоо болгонуна бир чети аял болуп ичип жүргөнүнө жиним келип куйуп бердим. Дароо жутуп жиберип ачырканбай эле отуруп калды. Мен ишимди бүтүрүп, кофе ичип алайын дедим, тиги аялды карасам оозуна наар албагандай. Ага да куйуп жаңы нандан сындырып берип койдум, башын ийкеп ичип алып кетип калды. Артынан карасам жупуну кийинген, бутунда резина шлепка. Бирок рахмат айтып «ден соолугуң болсун» деп эки, үч жолу айтканы эсимде калды. Эмнеге ушунда