Бир аял жанын берген жалгыз уулун үйлөндүрүптүр. Баласы Камаздын шопуру экен, бир жолу жумуш менен узак жолго чыгыптыр. Апасы менен келини үйдө калыптыр. Апасы күн сайын келинине чачын тарап, өрүп берүүнү өтүнөт. Бир күнү чач тарап,өргөндөн жадаган келини кайненесин чачтарачка барууга көндүрөт. Келини чачтарач менен акырын сүйлөшүп кайненесинин чачын такыр кылып алып таштайт. Энеси келининен сурайт: - Келинжан ай, бул не деген прическа? Анда келини: "Армияга чакырылган солдат",- деген көрүнөт. Күйөөсү командировкадан кайтат. Апасын көрүп: - Апа, бул не кылганыңыз? - десе, апасы - "Армияга чакырылган солдат" прическасы, келиниме рахмат,айланайын..чачтарачга алып барып жасатып берди,- дейт.. Э