Кадимки кычкыл суутегинин (перекись водорода) пайдасы...
Кадимки кычкыл суутегинин (перекись водорода) күнүмдүк жашоодо көп пайдасы тиерин көпчүлүгү биле бербесе керек. Андыктан, аталган затты кандай учурда колдонууга болорун маалымдайбыз.
1. Кийимдериңизди жууганда атайы агарткычтарды колдонбой эле койсоңуз болот. Анткени, 7 килолук кир жуучу машинаңызга 100гр кычкыл суутегин кошуп койсоңуз, кийимдериңиздеги тактарды кетирип, агартат жана кир жуучу машинаңызды тазалайт;
2. Идиш жуучу каражаттардын ордуна 50гр. кычкыл суутегин кошуп койсоңуз, идиштеги микробтордон арылтат;
3. Жер-жемиштерди кол менен суртүп жуубастан, 5 литр сууга кычкыл суутегинин 100 граммдык стакандын 4/1 бөлүгүн кошуп а