Адамдын өмүрүндө көңүл кымбат,
Көңүлү келсе адам баарын кылат.
Кокустан көңүл калып калса эгер,
Адамдын ичиндеги ой бузулат.
Көңүл бул абдан жумшак нерсе экен,
Кудайым баарыбызга бирдей берген.
Адамдар, көңүлдү көп оорутпайлы,
Анткени көңүл калса кыйын экен.
Көл болуп төгүлөсүң көңүл болсо,
Ачылып-чачыласың көңүл толсо.
Томкоруп жибересиң тооду дагы,
Баардыгы көңүлүңдөгүдөй болсо.
Жаркылдап күлүп жайнап турасыңда,
Ийилип чуркап кызмат кыласыңда.
Колуңдан келгениңдин баарын жасап,
Көңүлүң калбаган сен адамыңа.
Эң кыйын көңүл эгер калып калса,
Дары жок аны кайра даарылашка.
Ошондуктан байкап дайым сүйлөйлүчү,
Аракет кылып көңүл калтырбашка.
Жашаган жериң болсо, бейиш дейли,
Кийгениң
Жашоонун канча түрлүү жолдору бар,
Кээ бири абдан кенен, кээ бири таар.
Адамга бир түз жолду тандаш кыйын,
Себеби жаңылуу бар, адашуу бар.
Жашоо бул байкап турсам өңдүү, дөңдүү,
Кээдэ шаңдуу, кээдэ абдан өкүнүчтүү.
Баардыгын башыбызга салып койот,
Тагдырдын сынактары түрлүү, түрлүү.
Коркобуз, кудайлайбыз баардыгыбыз,
Бары бир жаман ишти биз кылабыз.
Ким билет, айткылачы биз канткенде,
Жашообуз өтөт биздин эч катасыз.
Азыркы адамдардын арасында,
Саналуу арам эмес ичи таза.
Жаркылдап жакшынакай көрүнүшөт,
Чынында ичиндеги ою кара.
Азыркы биздин заман жалган заман,
Азыркы биздин заман алдоо заман.
Баардыгы өзүн гана ойлоп турат,
Түшүнбөйм биз жашаган кандай заман.
Акыйкат, чындык деге