АЯЛЫҢБЫ? - Демек сенин аманатың!
Көзүңдүн карегиндей сактап алгын.
Сүйүктүүм, балдарымдын энеси деп,
Эркелетчү жакшы сөздү жаттап алгын.
АЯЛЫҢБЫ? - Демек сенин аманатың!
Белеги, сага деген Жараткандын.
Мээримдүү Алла берген бул бактыңды,
Аруу таза сүйүүң менен байлап алгын.
АЯЛЫҢБЫ? - Демек сенин аманатың!
Сен аны, көп ичинен тандап алдың.
Аз гана убактылуу жашайм дебей,
Өмүрлүк, түбөлүккө арнап алдың.
АЯЛЫҢБЫ? - Демек сенин аманатың!
Аялыңдан башка жанды карабагын.
Ажырашуу деген сымал нерселерди,
Адамзаттын эч бирине каалабасмын!
АЯЛЫҢБЫ? Анда эки колдоп бекем карма!
Кызгануу менен сен аны сакта...
Жандыктар Алланын алдында турганда...
Сурак алынат сенден ошол аманатыңа.