Предыдущая публикация
Шооласы булуттарды тешип чыгып,
Ай барат узун - узун нур калтырып.
Учушат жарганаттар ай бетинде,
Суктанып карап турам көз талдырып.
Муңканып таң атканча үнүн баспай,
Карарган сүтак сайрайт дарактарда.
Жашоого кумар артып бараткансыйт,
Ай жылып кетип жаткан тараптарда...
Автор: Светлана Айтканова.
"Поэзия Ордосу" көркөм - адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
14.04.22.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6