Чалгы, кайрак, бешилик
Күн батты тоого кеч кирип,
Чалгы,кайрак,бешилик.
Атамдан калган шаймандар,
Эскирген кыйла жешилип.
Чалгы,кайрак,бешилик,
Ойгондук бүгүн кечигип.
Жоон сан,билек,омуртка,
Калыптыр кыйла эзилип.
Атамдан калган шаймандар:
Чалгы,дөшү,бешилик.
Уйкуга балдар киргенде,
Ыйладым чөпкө бекинип.
Эскирген кыйла жешилип,
Атамдан калган шаймандар.
Алар да ушул мезгилде,
Чөп чапкан эле кайрандар…
Алай р-ну,2019-ж.