Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Байлашып кетип баатырын
Байма-бай салып салыгын
Кайран эл башын көтөрсө
Өчүрүп өмүр жалынын
Орустун зулум өкмөтү
Аткарып катаал жазыгын
Кыргынды салып калкыма
Кыркышты кыргыз тамырын
Өлгөндөр миңдеп кырылып
Өмүрлөр жатты кыйылып
Өлчөөсүз өлүк денеси
Өзөнгө тоодой жыйылып
Өзгө элге качты кыргызым
Өлкөмдүн туусу жыгылып
Өчпөс так калды тарыхта
"Үркүн" деп аты угулуп