ШООЛАСЫҢ
Жакшынам сен болдуңбу,
Көңүлүмө толдуңбу.
Ойго салып агаңды,
Ойлондуруп койдуңбу.
Учуп келип сабалап
Жүрөгүмө кондуңбу?
Көргүм келип самагам,
Көздөрүм да самаган.
Күтүп сени ар дайым,
Күндөрүмдү санагам.
Толкундаган жүрөктү,
Бергим келген садагам.
Нурдай болгон шоолаңды,
Чачып кеткин жүрөккө.
Жүрөгүңдөн жай алса,
Азап берип түнөтпө.
Сүйүм күчөп турганда,
Чуркатып да жүдөтпө.
Автор АДИЛЕТ АЛЫБАЕВ
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
СЕЗГЕН ЖОКСУҢ
Бир өзүңө ашык болдум билген жоксуң,
Сен деп соккон жүрөктү сезген жоксуң.
Үмүт шамын жандырып анан эле,
Неге жаным кайрылып келген жоксуң?
Мен жүрөмүн махабат көлүн сүзбөй,
Мендик болчу бир мени өкүндүрбөй
Кезигишип каламбы деп жол боюнда,
Басар жолуң караймын үмүт үзбөй.
Жүрөгүңдөн сүйүүмдү сезип койгун,
Бакыт болуп көөдөнгө мелт-калт толгун.
Арнап сага сезимди сунган кезде,
Сүйөрүмдү көзүмдөн билип койгун.
Автор АДИЛЕТ АЛЫБАЕВ
" Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
БАЛАЛЫККА
Мезгил учуп баратат го зуулаган,
Канат кагып токтобостон дуулаган.
Кечээ ойноп күлүп жүргөн капарсыз,
Кайда калды бала кезим куунаган.
Батып алып терең күлүк ойлорго,
Ашыкчубуз таң заардан ойноого,
Бала чактан бирге жүргөн досторум,
Түштүк мына башка- башка жолдорго.
Балалыгым, сенден узап жатамын,
Ар демиңди кучагыма катамын.
Бала бойдон калсам дагы апама,
Өзүм азыр бир балага атамын.
Автор Адилет Алыбаев
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
ЖАНАЙЫНБЫ
Сени деп сага карай барайынбы,
Өзүңдөн сезим гүлүн табайынбы.
Ак сүйүү махабатын сенден табып,
От сымал күйүп мен да жанайынбы.
Сыр катпай сырларымды ачайынбы,
Сырымды катпай сенден чачайынбы.
Сырдашып таңатканча сени менен,
Сырдашым көңүл черин жазайынбы.
Садагам жетелешип басайынбы,
Ыр арнап ырларымды ырдайынбы.
Ширесин ичип алып махабаттын,
Бийикке сени менен учайынбы.
Автор Адилет Алыбаев
" Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
КҮТКӨН МЕН БОЛДУМ
Сени ойлоп ооруп калды жүрөгүм,
Ооруттуңго мендей жандын жүрөгүн.
Бир өзүңдөн көрө албай сүйүүнү,
Билсең керек мен да абдан жүдөдүм.
Сени сүйүп жактырганым сен болдуң,
Сезимимдин махабатына сен кондуң.
Мага карай сүйүү арнап келеби деп,
Келчү жолуң карап күткөн мен болдум.
Билесиңби сени сүйгөн бирөөмүн,
Кыялымда сага жетпей жүрөмүн.
Оюмдун баарын буруп алдың садага,
Келет деген үмүт менен күтөмүн.
Автор АДИЛЕТ АЛЫБАЕВ
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү
ЖҮРӨ БЕРЧИ ЫРЛАРЫМДЫН САБЫНДА
Жолукканда карайын деп көзүңө,
Уккум келип зар боломун сөзүңө.
Менден узак алыстасың жан эркем,
Мен жүрөмүн жете албай өзүңө.
Ай жаркыным жолугууну каалаймын,
Жолдоруңа карегимди кадаймын.
Жолукчу сен күтүп жүрөм мен дагы,
Сени менен кездешүүнү самаймын.
Жүрсөм деймин ар бир аткан таңыңда,
Жетелешип махабаттын багында.
Жүрөгүмдөн арнап сага жазылган,
Жүрө берчи ырларымдын сабында.
Автор АДИЛЕТ АЛЫБАЕВ
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү