Чачтын түбүн бекемдөө үчүн.
1) Эки жумада бир жолу же башыңызды жуугандан кийин чачыңызды туз кошулган суу менен чайкап коюңуз. 1 литр сууга 0,5 чай кашык аш тузу керектелинет.
2) Пияздын кабыгын (шелуха) чогултуп, анын кайнатмасы менен башыңызды жуугандан кийин чайкасаңыз, ал чачтын түбүн бекемдеп, какачты кетирип, баш ооруну басып жана чачтын өңүн жакшыртат. 1 литр сууга 1 чыны пияздын кабыгын салып кайнатып, табы кайта түшкөндө сүзүп алып колдонууга болот.
3) Коюу демделген кара чайды чыпкалап алып, жылуу сууга чабыштырып башты жуугандан кийин чайкасаңыз, ал чачтын түбүн бекемдеп, жакшы өсүүсүнө жана чачтын өңүн жакшыртууга өбөлгө болот.
Бул ыкмаларды бир же эки жолу жасаганда эл