ЖАШОО ДЕГЕН
Жашоо деген жыргоо, күлүү, каткыруу,
Жашоо деген ыйлоо, көздү жаш кылуу.
Жарыктыкка, тирүүлүккө каныгып,
Жашоо деген таш үстүнө бак куруу.
Жашоо деген оору, сыркоо, жөтөлүү,
Жашоо деген сынбоо, курчуу, кекенүү.
Жакшы-жаман, оош-кыйышпы, тандабай,
Жазмышыңды "сынып кетпей" көтөрүү.
Жашоо деген күрөш, сыноо, эскертүү,
Жашоо деген тынч деңизди термелтүү.
Жатып албай башка түшкөн ушу деп,
Жашоо деген тагдырыңды өзгөртүү.
Жашоо деген ачка калуу наар албай,
Жашоо деген байлык күтүү самандай.
Жаныбардай «кыктоо» эмес ичип-жеп,
Жашоо деген жашап өтүү адамдай
Жашоо деген кээ бирине ылайлуу,
Жашоо деген кээ бирине күн, айлуу.
Жарыктыкка инсан кылып жараткан,
Жашоо деген и