Кетип жатып сүрүн көрүп мүрзөнүн.
Эмнегедир тып басылды күлгөнүм.
Канчалаган адамдардын типтирүү.
Коргон элем кечээ гана жүргөнүн.
Алар кайда? кечээ жүргөн алдымда.
Өлбөчүдөй сүр көрсөтүп тагдырга.
Ана эми ичээр суусу түгөнүп.
Ар кимиси жалгыз жатат кабырда.
Бир маалда демим чыкты кыстыгып.
Түшүнүксүз ой санаалар ышкырып.
Эртен эле мен да өлом алардай.
Деген ойдо жол уладым үшкүрүп.
Өз оюмдан өзүм корко баштадым.
Бир нерсени келип турду баштагым.
Эң алгачкы эң биринчи ошондо.
Кудай үчүн көз нымдалып жаштадым.
Баарын таштап мечит жака чуркадым.
Шайтан айтты токто деди укпадым.
Ошол күнү намаз окуп алгачкы.
Ошол түнү аябай тынч уктадым.
Мына ошентип туура жолду тандадым.
Көп жагымсыз кылы