Алар биздин эртең…бүрсүгүнү….келечекте кандай адамга айланаарыбыздын күзгүсү.
Эгер айланаңда ушак, көрө албастык, нааразычылык, жалкоолук болсо, сен кандай гана күчтүү, акылдуу, максаттуу болбо баары бир ошол сазга билинбей тартыласың….өзүң да ылайлана баштайсың.
Өзүң байкабай каласың.
Адегенде ишенимиң өчөт…анан аракетиң жоголот….акырында бир күнү ойгонуп, жашоонун даамын деле сезбей каласың.
Адамдар таасир этет☝️Аябай таасир этишет☝️. Энергия жугат☝️. Кыргыз бекеринен “акыл оошот, ырыс жугушат” деп айтпагандыр…
Булактай тунук бол….бирок жанында ылай суу болсо…сен да тунук кала албайсың….
Чөйрөңдү байка…эмнени окуп…эмнеге реакция кылып…таң эрте башталган ойлоруң кандай экенине көңүл бур…
———-//////—————/////——-////——


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1