Урматтуу поэзия сүйүүчүлөрү!
Биздин калемдешибиз, замандашыбыз, досубуз Каниет Орозбековдун "Мурас" аттуу жыйнагынын бет ачар аземине жана акынды эскерүү кечесине арналган поэзия күнүнө чакырабыз!
Поэзия кечеси 2016-жылдын 25-ноябрында саат 15:00дө М. Жангазиев атындагы куурчак театрында болот. Дареги: Советский-Жибек Жолу (ГОИН соода түйүнүнүн маңдайында). Баарыңыздарды күтөбүз.
Сен экөөбүз кучакташып көп жүрдүк,
турмуш жүгүн көөнүбүзгө албай түк.
Мен ыржайып, кыялданып жер тиктеп,
сен каткырып, мурунуңду барбайтып.
Умар Нусубалиев
Бейпайга салып мени, сен кеттиң азап берип
Убада берген элең,кылам деп өмүр шерик.
Арасат жолдо турам, кен дүйнөм тарып улам.
Куп мустар санаа тартыпï, бүтүнүм калып кемип
Ата-энең куда түшүп, сен ага үйлөнүпсүң
Эсиңден чыгып баары, каадалуу бүлөө күттүң
Жолуңдан чыкпайм эми,бактылуу болуп жаша
Ыйлагам ошол күнү, ыйлабайм, ыйлап бүттүм
Билемин бул күн менен жашоомдун токтобосун,
Болгону тилек кылам,жубайың боздобосун.
Сенде да бар бир тууган, кара көз карындаштар,
Ойлонгун тагдырлары, дал мага окшобосун.
Максатым ойрондолуп, ишке ашпай калды тилек,
Жакшы ойлор сапырылып, аларды кайгы жиреп.
Бейсазар экендигиң жадымда калса деле,
Телефон чалгым келди, түгөнгүс бакыт тилеп.
Чалууга эми
Менин колума өмүр сапары эрте карып бул дүйнөдөн эрте кеткен агам Каниет Орозбековдун "Мурасы" тийди. Үшүп, тоңуп күндүн суугуна карабай "Эркиндик" бульварына жөнөдүм. Себеби, китепти ошол жерде отуруп окугум келди. Биз учурунда бульварга көп келгенбиз. Ошол күндөргө кайрылып баргым келди, кайрадан чогу жүргөн күндөрдөгүдөй төгүлүп-чачылып ыр окуп берсе деп самап турдум. Бирок эми андай күн эч качан келбейт! Өз калемине таандык ырларды өзү эч качан окуй албайт!
Жылмайдым, ыйладым, китепти кучактап шолоктоп отурдум... Күндүн муздак экендиги, үшүгөнүм, карынымдын ачканы, ары-бери өткөндөрдүн мени жалдырай карап жатканы мага кеп болгон жок. Көк беттенип ошол бульварда китепти окуп бүттүм