Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (Алланын рахматы жана мээрими болсун) айтты: "Бир кишинин үйүндө кыз төрөлсө Алла Таала периштелердин бир жамаатын жөнөтөт. Алар келип: "Үй ээлерине саламатчылык болсун"!-деп айтышып, өз канаттарын алардын үстүнө жаят жана колдору менен кыздын башын сылайт. Андан сон айтышат: "Бир алсыз бир алсыздан чыкты. Мунун жардамына Кыямат күнүнө чейин бир жардамчы дайындалды".
Пайгамбар (Алланын рахматы жана мээрими болсун) айтты: "Аял киши боюнда болгон убакыттан баштап төрөгөнгө чейин жана баласын сүттөн чыгарганга чейин, Алла Таала жолунда мусульмандардын чек арасын коргогон киши сыяктуу болот. Эгер ушул абалда көз жумса, анда шейиттин сообу берилет.