Апамдын туулган куну бугун
Алтын апам угуп турчу балаңды.
Бир жылмайып ишке салды каламды.
Бүгүнкү күн өзгөчө бир күн билем.
Карасаң бул бактылуу бир адамды.
Бүгүн менин апакемдин майрамы.
Туулган күнү жылда өтчү жайдагы.
Куттуктоолор асыл сөздөр айтылып.
Биздин уйдө күлкү бүгун жайдары.
Ыраазымын апа сизге миңден миң.
Сиз аркылуу дүйнө таанып билгенмин.
Талыкпаган эмгегиңиз аркылуу.
Өнүп өсуп, адам болуп иргелдим.
Суйунгондо көздөн агып жаш.
Бир өзүңдөй мага эч ким жашыбас.
Балан үчүн жасап жаткан мээнетке.
Бүтүн дүйнө, бүтүн аалам татыбас.
Ар перзенттин балалыгын жыттаган.
Чарчаса да алдей ырын ырдаган.
Бир үшкүрбөй канчалаган азапка.
Чындыгында апа гана чыдаган.