Бала- Бакыт, Бала- жашоо маңызы,
Бактылуулук келет, чыкса дабышы.
Бар жашоосун, арнайт, ар бир Ата- Эне,
Бал- Сүйүү, бала жүрөк кагышы.
Бала айтат, алгач жолу Ата деп
Бакыт болбос, мындан артык бөлөк кеп
Бак ичинде, ойноп жүрсө балдарың
Балалуу үй, базар деген, накыл кеп
Ата- деген, сөздү алгач укканың
Агарган таң, көргөн күнүң кутманың.
Ата уулу аталганы, эл ичи,
Арманы жок, жашооңдогу жыргалың.
Бала кымбат, Эне үчүн баарынан
Боору эзилип, чыгат жүрөк кабынан.
Бала үчүн, эмне күндө калса да,
Баардыгына кайыл, жазган багынан.
Балдар биздин, келечектин үмүтү,
Болбосунчу, баласыздык күйүтү.
Бешөө, дебей, 10 дон болсун тилегим,
Базар болсун, мазар болбой, Үй ичи.
Балдарыңардын майрамы менен! !