КУРМАН АЙТКА 10 СОМДОП АКЧА ЧОГУЛТКАН БАЛАНЫН
ТААСИРДУУ ОКУЯСЫ
Жекшемби күн, жер жарый элек болчу. Апасынын таң намазга турганын байкаган кичинекей Умар оордунан дароо турду да чекенки бөлмөгө чуркап кирип кетти. Жаңыдан эле сыртка чыккан апасы Алтынай чекенки бөлмөдө жанган жарыкты көрүп, таң кала бөлмөгө кирип барды. Кичинекей Умардын бир нерселерди издеп жатканын көрүп:-Балам, тынчылыкпы?-Ооба апа, тынчылык, тынчылык, азыр көрөсүз, бир аз тура турсаңыз- деген жагымдуу үнү менен уйкусураган Умар апасына көрсөтөр бир нерсесин издеп жаттыСабыры түгөнүп бараткан Алтынай уулун тилдей баштады:-Уулум, жатчы, эс алчы, таң атканда таап көрсөтөрсүң.-Жок апа, мен азыр көрсөтүүм керек, таң атк