Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Тушунбойм жаным
Тушунбойм анын,эмнеси..?
Туйшолтпо мени
Туноруп барат жер бети
Жаш эле туруп
Жанынды салып азапка
Жалжалым менин
Журогум ооруйт дебечи.
Ооруну айтпа
Оюна такыр келбесин
Ойлонбой жаткын
Ойлордун айдап кемесин
Омурдун жазы
Алдыда турат,унутпа
Кейибе,койчу
Кейибе кандай немесин?
Оорудум десен
Ааламда кырсык болгондой
Ойлонтуп мени
Азапка салат ар кыл ой
Журогун сенин
Кыйналган кезде алсырап
Журоктон менин
Кан агат жаным,билип кой!
Жоголгон сымал
Жарашкан сулуу келбети
Жашынып барат
Жакшылык кундун элеси
Санаага салып
Сыздатпа мени садагам
Суранам сенден
Журогум ооруйт дебечи?!