Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Жолдошумдун башында эки уюл бар, мени аттап токол албайбы деп чочуй берем
Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзу болду. Эки кызым бар. Кудайга шүгур жолдошум менен бактылуу эле жашайт. Жакында интернет тармагынан эки уюлдуу адамга эки нике жазылган деп окуп калгам. Кечээ да кошуна орус кемпир кызымдын башындагы эки уюлду көрүп «кызындын тагдыры эки күйөөгө буйрулган экен. Тагдыр адам менен кошо жаралат, аны өзгөртө албайсың. Мына Кудай эки никенин тагын салыптыр «-деп кызымдын башындагы эки уюлду көрсөттү. Ошондон бери ойлонуп жатам. Жолдошумдуш башында катарлаш эки уюл бар.Мени таштап башка токол алып кетеби деген ой мени ичимден жеп сарсанаа болуп жатам»