Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
..................Жан кызым.................. Балбылдаган көздөрүңдөн балапаным . Балалык баё сезим бар чырагым. Бал тилин берет мага күч кубатты. Кудайым берсе экен сага бакты.
Оорусам жөлөгүмсүң боор ооруган. Ойлонсом оюмду да уга турган. Ойногон кыялың да бар жагымдуу. Ойлонбо баары жакшы дей турган.
Кызым бар сырым болсо айта турган. Кызгалдактай ачылып жайнап турган. Көзүмдүн карегиндей коргоп келем. Колдойт сени апакең да ага-тууган.
Жүргүнүң асманда учкан айдай сызып. Жашооңдо жолуң ачык болсун кызым. Алдыңа коюп жүргөн ой-максатың. Кудай колдоп дайым ишке ашсын кызым.
Келечекте бактылуу болуп дайым. Кең пейил бир адамга жолук кызым. Ар убак ууртуңдан күлкү кетпей. Бактылуу болчу