*СҮЙБӨГӨН СҮЙГӨНҮМӨ*
*Күтүүдөн тажабай каректерим,*
*Жан дүйнөм, алдадым келет дедим.*
*Сүйүүгө мас болгон жүрөгүмдү,*
*Арман-азап, күйүткө тепселеттим.*
*Тоого теңеп, жанында дөңсөө болуп,*
*Дарак кылып, мен ага чырпык болуп.*
*Жай-саратан кучагына кирдим дегем,*
*Ызгаарына мен бүгүн калдым тоңуп.*
*Тургум келбей, көрбөсөм бул өмүрдө,*
*Сезипмин, аны менен бүтүн дүйнө.*
*Жаңылып жүрөктөгү сезимдерди,*
*Арнаптырмын сүйбөгөн сүйгөнүмө.*
*Толкуп-ташкан, жүрөктөгү сезимди,*
*Арнаптырмын сүйбөгөн сүйгөнүмө.*
*Кайратбек Мамаев (МКС)*