ЖООЛУК
Башыбыздан түшпөй салган ак жоолук,
Жүргөн жолдор тилегибиз ак болуп.
Аялзаттын чексиз болсун бакыты,
Барган жерден бапырасын бак конуп.
Жоолук турсун жүзүбүзгө жарашып,
Кошконубуз колдоп турсун жанашып.
Кыргызымдын кыз - келини кылактап,
Жашай берсин улуу жолдо бел ашып.
Түндүктөрдөн өчпөй түтүн буласын,
Уул -кыз төрөп учугубуз уласын.
Өсүп-өнүп ак жоолукчан сулуулар
Дөөлөт күтүп жая берсин кулачын.
Ак куулардай ак жоолукчан жар болуп.
Көркөмү кооз, сөзү ширин жан болуп.
Сүйкүмдүү жар эне, сиңди эжелер.
Түбөлүкө жашагыла бар болуп.
Автор:Нуржамал Кулунбаева.
01.02.2024
ШҮГҮР
Шүгүр деймин чаңкайган көк асманга ,
Тирүүлүкө ар бир аткан ак таңга.
Көпчүлүктүн катарында кемибей,
Аман - эсен күн кечирип жатканга.
Шүгүр деймин ырыскымды татканга,
Көзүм көрүп а буттарым басканга.
Муктаж болбой жардамына бирөөнүн,
Үй - бүлөөмө өзүм казан асканга.
Шүгүр деймин ак караны көргөнгө,
Жакшы жаман ажыратып бөлгөнгө.
Берекесин берип ачка калтырбай,
Эмне эксем түшүм берип өнгөнгө.
Шүгүр деймин кооздугуна ааламдын,
Жылды сүрүп өскөнүнө калаамдын.
Болбосо да алты кабат үй жайым,
Барлыгына баш калкалаар паанамдын.
Шүгүр деймин жазга күзгө кышка да,
Көчтү улаар уулдар менен кызга да.
Жашыл жайлоо жайкалган көк шиберге.
Чөп чыкпаган такыр таштуу сызга да.
Шүгүр деймин меке