АВЫСЫНДАРГА АКЫЛ КЕП
Ага-ини таттуу болсо мине турган атың көп, авысындар таттуу болсо жей турган ашың көп.
Илгери өткөн заманда 4 ага-ини болуптур. Алар бой жетип үйлөнүшөт. Бир топ жылдар өтүп баары ийгиликтүү жана бактылуу жашап жаткан болчу. Элдин баары төрт ага-инини мактай беришет. Күндөрдүн биринде алардын аялдарынын бири, тагыраагы авысындардын бири ушинтип сөз баштайт:
⁃ Эмнеге элдин баары эрлерибизди эле мактайт. Биз жөнүндө эч ким эч нерсе айтпайт? Келгиле мобул тойдо эл келгенде эт-жилик талашып жаңжал чыгарабыз!-деп калат.
Ошентип алар эл келгенде ошондой кылышат. Ошол окуядан кийин эч ким төрт ага-ини жөнүндө мактоо сөз айтпай калат экен. Ага-инилердин ынтымагы жана ийги