Алтын аяштар
Жаркылдаган жарык маанай
Аяштар
Карчы кандай көз караштар
Майрам тойдо чогу болуп
Бир жүрсөк
Бул сыймыкты бизден эч ким
Талашпар
Ынтымактуу биздин ушул
Аяштар
Бир биринен жакшылыгын
Аяшпар
Сыр чечишип арыз мунуң.айтканга
Керек экен ушул алтын аяштар
Аяштарым аман болгун ар дайым
Баарынарга жакшылыкты Каалаймын
Эч убакта бүркөлбөсүн кабагын
Ачык эле болуп турсун маанайын
Ден соолукта аман болгун ылайым
Автор Абдиева Эльзат
Айымдарга
Жашыл көйнөк баары тегиз кийишип
Өз элине башты бекем Ийишип
Талантарын Тартуулашып элине
Таазим кылып салам айтып Ийилип
Ак куудай мойну Койкойуп
Ак көйнөк кийсе Жарашып
Көлдүк сулуу айымдар
Суктанып элдер карашып
Кызылды кийсе Жарашып
Кызгалдак гүлдөй Жанашып
Кыргыздын киймин өзүнө
Куп гана турат Жарашып.
Аман болгун Көлдүк сулуу айымдар
Ташталсынчы алдыга Коп кадамдар
Аткарылсын Аруу тилек Максаттар
Узак жана узун болсун сапарлар
Автор Абдиева Эльзат
Чок-тал айылынын көл бермети
Айымдарга арналды
Суроолор боюнча жазылды
Айылдан Чогулуп
Айымдар тобу
Тузулду
Коркому сонун
Колумдун.
Кол бермети
Аталды
Оз элинен бата
Алды
Комузду колго
Алышып
Келиндер турат
Жарышып
Кыягын чертип
Талбаган
Эмгегин Элге
Арнаган
.
Таланты биз
Баалайбыз
Ташкындап.эми
Талбайбайбыз
Элдин ачып
Маанайын
Жагымдуу ырдан
Арнайбыз
Т
ЖЫЛУУ СЕЗИМ
Жылуу сезим жүрөгүмдү уялап,
Сенин асыл жан экениң туялат,
Сүйөм деген сөз айтуудан айбыгып.
Жаш балача жерди карап уялат.
Жылуу сезим жан дүйнөмдү жаралап,
Гүл бакчаны күндө жүрөм аралап.
Сезимдердин аруулугу сезилип ,
Не бир түркүн укмуш ойлор жаралат,
Жылуу сезим нурун чачып жаркырап,
Күйүп турат түбөлүктүү шам чырак.
Айлуу түнгө чагылышып келбетиң ,
Суктанамын сугум сага артылат.
Автор :Элзат Абдиева "Поэзия Ордосу "көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү 21.09.2020.
АЛЫС КАЛГАН ЭЛЕСТЕР.
Алыс калды көз иремдик элестер,
Биз ойногон жапжашыл белестер.
Тээ алыстан көзгө сүйкүм көрүнөт,
Жол боюнда шуулдаган теректер.
Элестетип балалык кез курагым,
Кайрылса деп самап турган убагым.
Тал теректен кураштырып үй куруп,
Мынакей деп кичинекей турагым.
Көрүнбөстөн калды дагы элестер,
Курбу курдаш дос тууганың сени эстер.
Күлүп жыргап ойноп жүргөн ошол кез ,
Бир кайрылып балким бизге келет дер.
Автор :Элзат Абдиева "Поэзия Ордосу "көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү 17.09.2020 .