УНУТЧААК БОЛУП БАРАТАСЫЗБЫ? ЭС-ТУТУМУӉУЗДУ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮГӨ ШАШЫЛЫӉЫЗ!
Адамдын эс-тутуму табияттын укмуштуудай табылгасы. Эгер ал болбосо, биз бири-бирибизди тааный алмак эмеспиз. Ал гана эмес, өткөндөрдү эстей албай, жалаӊ жаӊы күн менен жашамакпыз. Бирок эс-тутумдун начарлап кетүүсү да белгилүү. Буга эмне себепкер жана аны кантип калыпка келтирүүгө болот?
МЭЭНИ АКТИВДҮҮ ИШТЕТПЕСЕ, ЭС-ТУТУМ БУЗУЛАТ
Мээ – башка органдарыбыз сыяктуу эле биздин кам көрүүбүзгө, активдүү абалда кармообузга муктаж.
Эс-тутуму начар дегенде эле улгайган адамдарды ойлойбуз. Буга да канчалык бир деӊгээлде негиз бар. Анткени алардын кээ бирлери буга чейин билгендерине топук кылып, ошолорду унутпай жү