Көзүмдө жаштарымды көрсөтпөйм сага ,тагдыр
Көөдөнүм бошосо да көрөөрүң али бардыр.
Көк түтүн каптатпастан КУДАЙЫМ үмүт жандыр
Күчүмө күчүң кошуп,өчпөгөн үмүт жандыр?
Күчтүүмүн мен баары бир,күчтүүмүн сенден,тагдыр
Жашоо бир калыпта кетсе кызыгын жоготуп коёру талашсыз.
Ошондуктан жаңы жаралгандай жашагым келет дейин десем , жан дүйнөңдү жанчыган бир нерсе чыгат да турат.
Жашагым келет ...
Бизди эрезеге жеткирем деп оор жүктү желкелеп келген -АТАКЕМ,оорубаңызчы???.Тынчыбаган санааларыңыздын бирден бир себепкери өзүм экенин билем.Бул күндөрдүн убактылуу экенин өзүңүз да айтасыз го. Менин жашоого болгон сүйүүмдү,күрөшүүгө болгон күчүмдү ойготкон өзүңүз. Ооруганга акыңыз жок!Апамсыз кыйналганыңызды да сезип туйганым менен ,айлам жок.Анткени АЛЛАНЫН иши ал.А сиз али көөп жакшы күндөргө күбө болушуңуз керек. Андыктан "оорусаңыз таарынам АТА,оорубаңыз???
Сүрөттөр сүйлөйт...
Тегиз болбоптур жашоом дегеле.
Кудайга шүгүр бирок апамсыз өткөн кайран күндөр.
Балдарыма зар болгон түндөр...
Кызыгы бүтпөс, табышмагы чечилбес жашоо сүртүмдөрү .