ТУРМУШУҢАР БУЗУЛБАСЫН.
Үйлөнүү оңой, бирок, үй-бүлө болуу кыйын, уулум. Табиаты башка-башка болгон жана эки башка тарбияда чоңойгон эки адамды көз алдыңа келтирип элестетип көр. Бири-бирине табиаты каршы келген адамдардын жубайлык турмушу да узакка созулбайт.
Эгерде бул эки адам өз ортолорунда пайда болгон келишпеечүлүктөрдө Ислам динин таяныч кылышкан болсо, мына ошолордун өмүрү тынчтыкта өтөт. Мындай учурда эки тараптын тең, бири-бирине сабырдуу болуулары гана талап кылынат. Албетте, сабырдуулугу жагынан эркек киши аялдан да жогору туруусу керек. Сабыр кылуу - бул кээ бир кыйынчылыктарга керектүү тосуп, Аллахтын амирине кыйшаюусуз амал кылуу.
Сүйүктүү уулум!
Дагы бир нер
КЕЛЕЧЕКТЕ КЫЗЫМА АЙТКЫМ КЕЛГЕН 40 ЭРЕЖЕ
1.Алгач өзүңдү сүй.
2.Жашоодо көрө албастар көп кезигет, өзүңдү колго ал да алардан ары басып кет.
3.Буюм сени бактылуу кылбайт.
4.Бирөөнү сөз кылып, сындаба. Бирок ар дайым сени бирөө сөз кылаарына даяр бол.
5.Көйгөй – бул жашоонун аягы эмес.
6.Өзүңдү өзгөлөр менен салыштырба. Анткени эч ким сендей боло албайт.
7.Бирөөнү канчалык катуу жакшы көрсөң да, өзүңдү жоготпоого аракет кыл.
8. Сүйлө. Сени угуучуларды тап жана өзүң чечим чыгара бил.
9.“Жок” деп айтууну үйрөн жана аны колдонуудан коркпо.
10. Эгер өмүр тарыхыңды жазуу керек болсо, болушунча барактарды бактылуулукка чулганган күндөр менен толтур.
11.Эч качан эч бир эркектин артынан чуркаба. Ал се