Маңкурттар
Келечекти алдын ала айтышкан,
Кылымдар бою өткөн нечен инсандар.
Алардын арасында Чыңгыз бар,
Бүгүнкү маңкуртту чыгармада чагылткан.
Бул маңкурттун Жоломандан айырмасы,
Жогорку билими бар,эс-акылы ордунда.
Билбейм анан,кантип айтты бул сөзүн?
Бардык эл аза күтүп жатканда,
Күйөөгө берээр кызын,көргө берип,
Көптөр турса жакындардан ажырап,
Көңүл айтпай,кайдагы сөздү айттып,
Кан жутуп турган элди сыздаткан.
Таңкалган элим эсин жыйнай электе ,
Тапсам деп,төрт-беш тыйын чөнтөгүмө.
Тамшанып керт башын гана ойлоп,
Тайманбай дагы бир маңкурт келди.
Айырмасы жок экен Жоломандан,
Бейишти таманында сактаган,
Ыйык делип, ардакталган ар жерде,
Эненин жанын жаасыз алган.
Мунун баарын о