Урматтуу Кыргызстандыктар.
Бизде өлкө боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, жөлөк пул алып жашаган 110 518 үй бүлө бар.
Балким, мындан да көп болушу мүмкүн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен энергетика министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир жолу тактап чыгуу боюнча тапшырма берилди. Өкмөт тараптан аларга 1-январдан баштап, светтин баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз.
Бул кадам аларга өкмөт тарабынан социалдык жактан жардам берүү болуп саналат.
Азыр эми эл арасында сөз болуп жатат: «Алардын арасына колунда бар байлар деле кирип алышат, коррупция болот»,- деген сыяктуу.
Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер ч