Саламатсыздарбы, Караколдун кымбаттуу кыздары менен урматтуу уулдары!!! Жалпы интернет достор жана баракчабыздын коноктору!!!
Жакында, Россия федерациясынын баардык аймактарында эмгектенип жүрүшкөн мигранттардын
" ЖҮРСӨМ ДА ИШТЕП ЧЕТ ЭЛДЕ,
ЖҮРӨГҮМ МЕНИН МЕКЕНДЕ" аттуу кайрымдуулук акциясы, бүткүл Россиянын ар кайсы аймактарында болуп өттү.
Ошол акциянын алкагында, Москвадагы Караколдук балдардын көтөрүп чыккан демилгесинин натыйжасында 19-июль күнү фондубуздун кезектеги жыйыны болду.
Ал жыйында Бакыт агайыбыз баштаган балдардын тобу, WhatsApp группабызга келип түшкөн айылыбыздын тургуну Солтон уулу Саламаттын видео кайрылуусуна шилтеме кылуу менен бирге, айылдын ооруканасына жардам көрсөтү
"Кең Таласым"
Автор: Абралиев Каныбек.
1-куплет
Мага кымбат сулуу болуп жаралганың,
Жүрөгүмдөн чыккан ырым сага арнадым.
Айланып он сегиз миң бүт ааламды
Ажайып сендей жерди көрө албадым.
2-куплет
Кыйырдын дайрасында калкып эчен,
Элесиңди карегиме катып келем.
Карасам туулган жердин сулуулугу,
Дүйнөнүн бүт жеринен артык экен.
3-куплет
Мен өтөм бул жашоодо, сен каласың,
Мен өчөм, кылымдарга сен жанасың.
Киндик каным тамган менин асыл жерим,
Карааныңдан айланайын кең Таласым!