Жараткан бизди жамандан сакта.
Жараткан бизди жамандан сакта жакшылык кылбас адамдан сакта, жокчулук болуп жалдырап ыйлап,
жаш токчу кыйын замандан сакта.
Жамандык созду айткандан сакта,
Жакшылык жолдон кайткандан сакта,
Жалкоолук кылып, жактырбай ишти,
Жамбаштап уйдо жаткандан сакта.
Жакшы соз айтпас тилимден сакта,
Жардамы тийбес илимден сакта,
Жанынан чыккан жарашбай элге,
Жаштарды бузган билимден сакта.
Жалпы элди бузган аалымдан сакта,
Жамандык кылган заалымдан сакта,
Жакшылык жолго буйурбай койгон.
жаныма азап малымдан сакта.
Жазасыз келген жалаадан сакта,
Жамгырсыз жаткан талаадан сакта,
Жан кыйбас жалгыз жакынын жоктоп,
Журокту эзген санаадан сакта.
Абийирди ачкан жыртыктан са