" Жүрөк жаздан сүйүү издейт"
Ак кар чулгап, жашоонун кир дептерин,
Аруулаган жүрөктөрдү кыш дептирмин.
Көңүл кушун коё берип тээ алыска,
Көктөм күтүү эмнелигин билбептирмин
Жашыл түскө оролуп дүйнө бүтүн,
Белгисиндей жер жүзүнө келээр куттун
Тынчтык бербей жан дүйнөмө бейтааныш күч,
Таң шооласы үлбүрөк жазды күттүм
Балким жазды сагынган болсо керек,
Сырга толгон жүрөгүм элеп-желеп.
Ушул сөздүн чындыгы канча билбейм,
Көңүл күтөт көктөмдөн сүйүү дешет
Жаркыраган жаратылыш дүйнөсү кең,
Жазды күттүм эң назик сезим менен.
Көңүлүмө кадалды керемет сөз,
Жүрөк издейт сүйүүнү жаздан деген
Кыштын көркү суктандырып далайларды,
Кар оронтту дарак, кайың, карагайды.
Сыртты карап, жылмайып ко