Жаны жыл
Кел, жаңы жыл, келе бер,
Тынчтык нурун себе бер.
Бирге болсун биз менен
Биздин атаэнелер.
Элге бергин береке,
Жерге бергин береке.
Өркүндөсүн Ата Журт
Өзүң берген белекке.
Жыргап жаткан чагыбыз,
Окуп билим алабыз.
Арта берсин сен менен
Биздин таалайбагыбыз.
(Сөзү С. Жусуевдики, музыкасы Г. Ашымованыкы)
Аппак кар
Аппак, аппак айлана,
Жаап жатат кар кайра да.
Музду көздөй жөнөйлү,
Конькилерди байлана.
Тоого барып береги
Чана, лыжа тебели.
Тиет экен абыдан
Ден соолукка пайдасы.
Аппак, аппак, аппак кар,
Ак кийинген бакшактар.
Мелдештерге катышып,
Жеңсем деген максат бар.
(Сөзү Т. Чокиевдики, музыкасы О. Турсуниязовдуку)
Аяз ата
Айланып жыл мезгилдери
Ак бубактуу кыш келди.
Көп