Сүйүү десек жат көрүнүш баарына,
Сүйүп калуу болсо керек адамда.
Бир акылман айтып өткөн акылын,
Сүйбөй коюш акылсыздын амалы,
Сүйүүнүн баркын бил деп дайыма.
Анан кантип жазбайсың сүйүүнү ыр саптарына,
Жан дүйнөң сүйүү деп балкып турса.
Сүйүүгө багынган жүрөгүңдү,
Эч нерсе токтото албайт кыйкырсаңда.
Сүйүүдөн жаралган ыссык жанбыз,
Сүйүү үчүн баарына күйгөн жансыз.
Ооба сүй Аллахты, ата-энеңди, мекениңди,
А бирок неге болбос сүйүүгө түгөйүңдү.
Кээбирлер бар сүйүүсүнө жете албай армандаган,
Сүйгөнү баркын билбей кетип калган.
Айла жоктон чыгаратта кайгы муңун,
Сезбей жатса жүрөктөгү сүйүү дартын.
Эркинбекова Таттыбүбү.